Кыргыз Республикасынын Конституция күнү

Урматтуу мекендештер!

Жалпыңыздарды 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин баш мыйзамы болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – «легендардуу парламенттин» 12-сессиясында кабыл алган. Андан кийин бир канча жолу референдум менен өзгөртүүлөр болду. Азыркы учурдагы иштеп жаткан конституция 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган.

Биз баш мыйзамыбыз болгон Конституциябыз аркылуу жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдөөчү сарамжал баалуулуктарга негизделген адилеттүү мамлекетти түзөбүз. Биздин негизги максатыбыз – элдин жашоо-турмушун жана жыргалчылыгын жакшыртуу.

Конституциябыз адамдын абийирине, кадыр-баркына кол тийбестиктин негизинде басмырлоонун ар кандай түрүнө тыюу салуу менен адам укугуна жана сөз эркиндигине кепилдик берип турат. Бул негизги принциптер биздин баа жеткис байлыгыбыз – ички саясий туруктуулукту камсыз кылат.

Мамлекетибизде Эгемендүүлүктүн духу ар тараптан чагылдырылып, Конституциябызга болгон урмат-сый элибиздин мекенчилдигинин өзөгүнө айланууда.

Урматтуу Айтматов районубуздун жашоочулары, баарыңыздарды эгемендүүлүгүбүздү айгинелеп турган Конституциябыздын 31 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.
Мамлекетибизде туруктуулук, өлкөбүздө өнүгүү болуп, түндүгүбүз бийик болуп, туубуз көктө желбирей берсин.
Баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубатчылык жана молчулук каалайм!

Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович